Индия электрондук чылымга тыюу салды

Адистер, өзгөчө жаштардын арасында кеңири жайылган электрондук тамекинин ар түрдүү ооруларга себеп болгону жана бул абалдын санааркатуучу чекке жеткенин белгилешкен.

1272122
Индия электрондук чылымга тыюу салды

Индиянын каржы министри Нирмала Ситхараман, кабинеттин электрондук чылымга тыюу салууну бекиткенин жарыялады.

Индиянын жергиликтүү басма сөзүндө чыккан маалыматтарга караганда каржы министри Ситхараман: «Кабинет электрондук тамекилерге тыюу салынуусун бекитти. Бул электрондук тамекинин өндүрүлүшү, экспорту жана импорту, ташылышы, сатылышы, таратылышы, амбарда сакталышы жана жарнамаларына тыюу салынганы түшүнүгүн берет»,-деп айтты.

Ситхараман, тыюу салуу чечиминин тез арада күчүнө кириши үчүн Индиянын президенти Рам Натх Ковинддин бекитүүсүнө сунуштай турганын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Харш Вардхан да социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшкөн жарыясында, электрондук тамеки же буга окшогон аппараттарды сактагандардын 6 айга чейин абак жазасына же болбосо 700 доллардык акчалай жазага тартыла турганын маалымдады.

Адистер, өзгөчө жаштардын арасында кеңири жайылган электрондук тамекинин ар түрдүү ооруларга себеп болгону жана бул абалдын санааркатуучу чекке жеткенин белгилешкен.



Тектеш кабарлар