АКШ Афганстандагы кол салууну айыптады

Афганстанда болгон кол салууларда 48 киши каза болгон.

1271775
АКШ Афганстандагы кол салууну айыптады

АКШ башкаруусу Талибан тарабынан Афганстандын борбор шаары Кабул жана Парван аймагында болгон жана 48 киши каза болгон кол салууну айыптады.

Талибандын кечээ Афганстандагы кол салуусу тууралуу АКШнын тышкы иштер министрилигинен маалымат берилди жана анда : «Талибан бул кол салуулары менен афган калкы жана мекемелерин ойлобогондугун ачыкча көрсөттү. Талибан афган калкына жана өлкөлөрүнүн келечегине олутту зыян тийгизүүнүн ордуна тынчтык тууралуу чыныгы бир чечкиндүүлүктү көрсөтө башташы керек»,- деп билдирилди.

Борбор шаар Кабул жана Парван аймагында Талибандын эки жан кечтилик кол салуусунда 48 киши каза болгон.Биринчи кол салуу Кабулга жакын жердеги Парван аймагындапрезидент Ашраф Гани катышкан шайлоо митингине карата болгон жан кечтилик кол салууда 26 киши каза болуп, 42 киши жараланды. Кол салуудан президент Гани жаракат албастан кутулуп, каза болгондордун көпчүлүгүнүн жарандар экендиги билдирилген.

Биринчи кол салуудан кийин борбор шаар Кабулдагы АКШ элчилигине жакын жерде экинчи жан кечтилик кол салуу болуп, бул кол салууда да 22 киши каза болуп, 38 киши жараланды.

Экинчи кол салууда каза болгондордун көпчүлүгүнүн да жарандар экендиги билдирилип, эки кол салууну да Талибан моюнга алды.

 



Тектеш кабарлар