ЙПГ/ПКК менен Эркин Сирия Армиясынын ортосунда кагылышуу болду

Эркин Сирия Армиясы террордук уюмдун киришине тоскоол болду.

1270986
ЙПГ/ПКК менен Эркин Сирия Армиясынын ортосунда кагылышуу болду

Сириянын түндүгүнө уя салган, Тел Рыфат районунан Азез районуна кирүүгө аракет кылган ЙПГ/ПКК террордук уюму менен Эркин Сирия армиясынын ортосунда оор куралдар колдонулган кагылышуулар болду.

ЙПГ/ПКК Килис элетиндеги Сирия территориясында орун алган Азездин түштүгүндөгү Кафар Кашир, батышындагы Маликийе фронт жолдоруна түнкү сааттарда кирүүгө аракет кылган кол салууларды жасады.

Басып алган Тел Рыфат аймагынан оор куралдар менен кол салган ЙПГ/ПКК фронт жолунда Эркин Сирия Армиясы менен кагылышты. Эркин Сирия Армиясы террордук уюмдун киришине тоскоол болду.

«Зайтун бутагы» операциясынын натыйжасында Афринден чыгарылган ЙПГ/ПКК райондун түштүк чыгышындагы Тел Рыфат аймагында басып алууну улантууда. Террордук уюм бул жерден Эркин Сирия Армиясынын текшерүүсү астындагы отурукташуу жерлерин бат- бат бутага алууда.



Тектеш кабарлар