АКШ Иранга жооп кайтарышы мүмкүн

Трамп Ак үйдүн алдында журналисттерге маалымат берди.

1270694
АКШ Иранга жооп кайтарышы мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын улуттук «Saudi Aramco» мунай ишканасына таандык жайларга карай кол салуунун себебинен өлкөсүнүн Иранга аскердик кийлигишүүсүнүн ошондой эле жооп болоорун билдирди.

Трамп Нью-Мексико штатына аттанаар алдында Ак үйдүн алдында журналисттерге маалымат берди.

«Saudi Aramco» ишканасына таандык жайларга кол салуунун артында Ирандын болуп же болбогондугу боюнча кыска мөөнөттүн ичинде так жыйынтык ала тургандарын белгилеген Трамп: «Мындан кийин эмне кылаарыбызга чечим чыгарабыз»,-деп айтты.

Сауд Арабиянын мунай ишканаларына болгон кол салууга жооп катары Иранга АКШнын аскердик кийлигишүүсүнүн ченемдүү болуп же болбой тургандыгы жөнүндөгү суроого Трамп: «Ченемдүү болот деп ойлоп жатамын. Бул суроого жообум ооба»,-деди.

Трамп Aramco кол салуусунун себебинен мунай бааларындагы өсүүнүн АКШга таасирин тийгизбей тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар