Эми «Умберто» бороон-чапкы коркунуч жаратууда
«Умберто» бороон-чапкыны АКШны көздөй жылып баратат.
1270104
АКШнын Флорида штатынын жээктеринде Атлантика океанында пайда болгон «Умберто» бороон-чапкынынын деңгээли биринчи категорияга жогорулады.
Майамидеги АКШнын Улуттук апаат борбору, Бермуданын 1260 чакырым батышындагы Умбертонун ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жеткен шамал менен түндүк-чыгышка карай жылып баратканын билдирди.
Деңгээли биринчи категорияга жогорулатылган «Умберто» бороон-чапкынынын алдыдагы күндөрдө Багама аралдары менен катар Флоридадан башталып Түндүк Каролинага чейин АКШнын жээк аймагына таасирин тийгизиши мүмкүн деп эскертилди.
Багама аралдарын бешинчи категорияда кыйраткан «Дориан» бороон-чапкыны 50 кишинин каза болушуна себеп болгон. Арал өлкөсүндө дагы деле 1300 кишинин дайынсыз болуп жатканы айтылууда.