Дүйнөнүн алгачкы атомдук электр станциясы

Дүйнөнүн алгачкы сүзүп жүрүүчү электр станциясы"Академик Ломоносов" Орусиянын Мурманск шаарынан өлкөнүн түндүгүндөгү Певек шаарына барды.

1270464
Дүйнөнүн алгачкы атомдук электр станциясы

Дүйнөнүн алгачкы сүзүп жүрүүчү электр станциясы"Академик Ломоносов" Орусиянын Мурманск шаарынан өлкөнүн түндүгүндөгү Певек шаарына барды.

Росэнергоатом акционердик коому тарабынан берилген маалыматка караганда станция төмөнкү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Сүзүп жүрүүчү атомдук станциянын иштетиле башташы менен аймакта иштеп жаткан Билибинская  атомдук электр станциясы менен Чаунская ТЭЦ иштен чыгарылат.

Узундугу 114, кеңдиги 30 метр болгон сүзүп жүрүүчү атомдук станция ар бири 35 мегаваттык көлөмдөгү эки реактордон турат.

100  миң  кишилик бир шаардын электр муктаждыгын камсыз кыла турган көлөмгө ээ "Академик Ломоносо"в бир гана Орусиянын эле эмес, ошол эле учурда дүйнөнүн да түндүгүндөгү атомдук энергия станциясы болот.

Маалыматта көз карашына орун берилген Росатомдун башкы директору Алексей Лихачев да : «Бул окуя Арктикада жүргүзүүгө боло турган өнүгүү үчүн ташталган кичинекей бир кадам болушу мүмкүн бирок жетүүгө кыйын болгон аймактардын көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн ташталган чоң кадам. Өзгөчө кичинекей модулдар атомдук күч станцияларынын дүйнөлүк масштабда өнүгүшү үчүн бир бурулуш жери»,- деди.



Тектеш кабарлар