Орус бийлигинде АКШнын тыңчысы бар беле?

Песков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1267603
Орус бийлигинде АКШнын тыңчысы бар беле?

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орус бийлигинин ичинде АКШнын тыңчысы экендиги айтылган киши тууралуу: «Ушундай кызматкер бар болчу жана ал иштен айдалган, бирок тыңкы болуп же болбогондугун билбейбиз»,-деди.

Песков журналисттердин АКШнын орус бийлигинин ичине Олег Смоленков атуу тыңчысын киргизгендиги жөнүндөгү айтымдарга байланыштуу суроого жооп берди.

Смоленковдун Американын борбордук чалгындоо кызматы (CIA) үчүн иштеп же иштебегендигин Кремлдин билбегенин айткан Песков, бул тема боюнча чалгындоо кызматкерлери иликтөөлөрүн улантып жаткандарын белгиледи.

АКШнын Орусиянын териштүү комитетинин кызматкерлерин, Иегова шейиттеринин укуктарын бузгандыгын себеп көрсөтүп санкция тизмесине кошкондугуна байланыштуу да сереп салган Песков: «Мунун эч кабыл алынгыс экенин ойлойбуз. Бул эки тараптуу карым-катнаштарда кыйратуучу сызыктын уландысы болуп саналат»,-деп айтты.  



Тектеш кабарлар