Индонезия менен Арменияда жер титирөө болду

Жер титирөө Түркияда да сезилди.

1267210
Индонезия менен Арменияда жер титирөө болду

Индонезиянын Түндүк Сулавеси аймагында 5,7 баллдык жер титирөө болду.

Метеорология, климат жана геофизика агенттиги, эпицентри аймактын түндүгүндөгү Талауд аралдарына караштуу Мелонгуане шаарынын 14 чакырым түштүк-чыгышынын жээктеринде болгон жер титирөөнүн жердин 10 чакырым астында катталгандыгын билдирди.

Жер титирөөдөн жабырканагандар болгон жок. Цунами боюнча да эскертүү берилген жок.

Бир тараптан Армениянын түндүгүндө, Грузия чек арасына жакын жердеги Ташир шаарында да 4,7 баллдык жер титирөө болду.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору, эпицентри Ташир шаарынын 11 чакырым батышы болгон 4,7 баллдык жер титирөө катталгандыгын билдирди.

Жер титирөөнүн жердин 7,6 километр тереңдигинде болгону белгиленди.

Жер титирөө Түркияда чек ара аймактарында да сезилди.



Тектеш кабарлар