Россиядагы жергиликтүү шайлоодо так болбогон жыйынтыктар белгилүү болду

Жуманын акырында Россия федерациясында болгон жергиликтүү шайлоонун добуштарын саноо чоң катнашта аяктады.

1266629
Россиядагы жергиликтүү шайлоодо так болбогон жыйынтыктар белгилүү болду

Жуманын акырында Россия федерациясында болгон жергиликтүү шайлоонун добуштарын саноо чоң катнашта аяктады.

Өлкөнүн 85 аймагында өткөн жергиликтүү шайлоодо эл 16 аймактын акимин, 22 аймактын шаардык парламентин, 13 мыйзам чыгаруу парламентин, 3 муниципалитет башчысын шайлоо үчүн добуш берди. Так болбогон жыйынтыктар Россия Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан аймак аймак билдирилди.

Эң башта Санкт Петербург, Сахалинск, Башкортостан сыяктуу жалпы өлкөдөгү 16 аймактын акимчилик шайлоосунун баарында учурдагы акимдер, андан мурда борбордук башкаруу тарабынан дайындалган жана Россиянын президенти В. Путиндин «Бирдиктүү Россия» партиясынын талапкерлери болгон акимдер жеңип чыкты.

Башка аймактарда болгон шайлоонун жеңүүчүлөрү да бийликтеги «Бирдиктүү Россия» партиясынан чыкты.

Беш жыл мурдагы шайлоодо 21, 04  пайыздык катышуу менен өткөн Москва шаарынын парламентин шайлоодо бул мезгилде да катышуу катнашы көп өзгөрбөстөн 21, 77 пайыз болуп ишке ашты.

Так болбогон жыйынтыктарга караганда шаар парламентиндеги 45 орундуктун 25ин президент В. Путиндин «Бирдиктүү Россия» партиясы колдогон көз карандысыз талапкерлер алды. Шайлоодон 20 киши жеңип чыгып алардын ичинен бир киши көз карандысыз болуп шайланды.

Мурунку шайлоодо «Бирдиктүү Россия» партиясы Москва шаарынын парламентинде 28 орундукту алган.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков шайлоодо «Бирдиктүү Россия» партиясынын кээ бир жерлерде көп, кээ бир жерлерде аз орундукта алса да шайлоодо жалпы өлкөдө лидер болгондугун айтып : «Жалпысынан каралганда «Бирдиктүү Россия» партиясы абдан ийгиликтүү болду»,- деди.



Тектеш кабарлар