Англиянын Брексити бүдөмүк болуп турат

Парламенттин астыңкы баскычы Өкүлдөр палатасы  жана үстүңкү баскычы Лорддор палатасы долбоорду өткөн аптада бекиткен болчу.

1266464
Англиянын Брексити бүдөмүк болуп турат

Англиянын Канышасы 2-Элизабет келишимсиз Брекситке бөгөт болууга карай долбоорду бекитти.

Оппозициядагы партиялардын бийликтеги консервативист партиянын курамындагы оппозиционер эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен парламенттен өткөргөн келишимсиз Брекситке бөгөт коюуга карай долбоор кечээ Каныша кол койгон соң мыйзамдашты.

Парламенттин астыңкы баскычы Өкүлдөр палатасы  жана үстүңкү баскычы Лорддор палатасы долбоорду өткөн аптада бекиткен болчу.

Долбоорго караганда Англия өкмөтү 19-октябрга дейре ЕБ менен Брексит келишимин түзө албаса же келишимсиз бөлүнүү үчүн Парламенттин бекитүүсүн албаса, ЕБнен Брексит үчүн 3 айлык кечеңдетүүнү талап кылууга аргасыз болот.

ЕБнин башкача күндү берген учурунда муну кабыл алуу же четке кагуу Англис өкмөтүндө эмес, Парламентте болот.

Ал эми Англиянын басма сөзүнүн өкмөттүн ичиндеги булактарга таянып берген маалыматына караганда премьер-министр Борис Жонсон, бул мыйзамды ишке ашырбоо үчүн туруштук берүүнү жана чыныгы абалды жаратып өлкөнү 31-октябрда ЕБнен чыгарууну пландоодо.

Жонсондун бул жолду тандаган учурунда эл өкүлдөрүнүн теманы сотко алып баруу ыктымалдуулугу бар.



Тектеш кабарлар