Малайзияда сары безгек оорусу

Малайзиянын Жохор аймагында чиркейдин  чагуусу менен жуккан сары безгек вирусунан каза болгондордун санында бул жылы өсүүнүн болгондугу байкалды.

1266244
Малайзияда сары безгек оорусу

Малайзиянын Жохор аймагында чиркейдин  чагуусу менен жуккан сары безгек вирусунан каза болгондордун санында бул жылы өсүүнүн болгондугу байкалды.

Аймакка караштуу саламаттык, маданий жана мурас комитетинин төрагасы Мохд Куззан Эбубекир бул жылдын башынан август айынын акырына чейин жалпы аймакта жалпы 7 миң 761 сары безгек оорулуусу менен 19 кишинин каза болгону катталгандыгын билдирди.

Өткөн жылдын 8 айлык мезгилинде 3 миң 857 оорулуу жана 12 кишинин каза болгондугун белгилеген Мохд Куззан бул жылы сары безгек ооруларындагы өсүүнүн 101 пайыз экендигин айтты.

Мохд Куззан сары безгек оорулууларынын санынын өсүшүн вирус ташыган чиркейлердин өөрчүү жерлеринин көбөйүшүнөн чыккандыгын баса белгиледи жана бул маселе менен күрөшүү үчүн жалпы аймакта иретсиз таштанды таштоону токтотуу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар