Индонезияда абанын булганышы

Индонезиянын борбор шаары Жакартада абанын булганышы «зыяндуу» деңгээлге жетти.

1265863
Индонезияда абанын булганышы

Индонезиянын борбор шаары Жакартада абанын булганышы «зыяндуу» деңгээлге жетти.

Абадагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн көлөмүн өлчөгөн PM 2,5 катнашынын 150дөн ашкан Жакартада абанын булганышы адамдын саламаттыгына тескери таасир тийгизе турган деңгээлге чыкты.

Абанын сапатын изилдөө желеси AirVisualдын берген маалыматына караганда жалпы дүйнөдөгү 89 шаардын арасында абасы эң көп булганган 5 шаар Пекин, Лахор, Дели, Жакарта жана Ханку.

Жакартанын булганган абасынан коргонуу үчүн маска менен жүрүүнү эскерткен адистер дем алууда кыйналган кишилердин жабык жерлерде жүрүшүн сунуш кылышууда.

Ошол эле учурда Жакартанын абасынын булганышына карата ишке ашыруулардын жетерсиз экендигин белгилеген экологиялык активисттер өкмөттү керектүү чараларды көрбөө менен күнөөлөп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «зыяндуу босого» деп кабыл алган катуу бөлүкчөлөр индекси PM 2,5тин кээ кээде 3 – 4 эсеге чыгып «дүйнөнүн эң көп булганган шаарлары» тизмесинде алдыга чыккан Жакартада абанын булганышынын негизги себебинин ашыкча жол кыймылы катары көрсөтүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл боюнча абанын булганышы орточо эл аралык стандарттардын үстүнө чыккан Жакартада бул абалдын ден соолукка олуттуу зыянын тийгизери тууралуу эскертти.



Тектеш кабарлар