Түркия,ЕБ,НАТО Орусия менен Украинанын туткун айырбаштоосуна канагаттанганын билдирди

Орусия жана Украинанын ортосунда кечээ «35ке 35 форумалсы» менен жалпы 70 туткун жана камактагылардын айырбаштоосу жасалган.

1265513
Түркия,ЕБ,НАТО Орусия менен Украинанын туткун айырбаштоосуна канагаттанганын билдирди
ukrayna-rusya esir degisimi1.jpg
ukrayna-rusya esir degisimi.jpg

Түркия, Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун жана камактагылардын айырбашталышына канагаттанганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, эки өлкөнүн ортосунда кечээ ишке ашкан туткун айырбаштоо туурасындагы суроого жазуу түрүндө берген билдирүүсүндө тараптарды конструктивдүү мамилесинен улам куттуктады.

Туткун алмашуусун канагаттануу менен кабыл алгандарын айткан Аксой: «Түркия, Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинин корголушунун негизинде, аймагында тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына карай жумшалган бардык аракеттерге колдоо көрсөтүүсүн улантат»,-деп айтты.

Европа Биримдиги (ЕБ) жана НАТО дагы Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун жана камактагылардын айырбашталышына канагаттангандарын билдирди.

ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «ЕБ, бардык тараптарга ушул жетишилген трендди улантуу чакырыгын салат»,-деди.

ЕБ Кеңешинин төрагасы Дональд Туск болсо Твиттерден бөлүшүүсүндө, «Орусияга бардык саясий туткундарды эркин кое берүү жана Украинанын жеринин бүтүндүгүн урматоосу багытында чакырыгымды кайталаймын»,деген серебин салды.

НАТОнун катчысы Оана Лунгеску болсо «Бул туура багытта ташталган кадам. НАТО, Орусияга Минск келишиминин негизинде бардык жоопкерчиликтерин орундатуу жана бардык саясий туткундарды эркин кое берүү чакырыгын улантууда»,деген маалыматын берди.

Орусия жана Украинанын ортосунда кечээ «35ке 35 форумалсы» менен жалпы 70 туткун жана камактагылардын айырбаштоосу жасалган.



Тектеш кабарлар