Венгриянын президенти Грузияда

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Венгриянын президенти Янос Адер менен жолугушту.

1264431
Венгриянын президенти Грузияда

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Венгриянын президенти Янос Адер менен жолугушту.

Грузиянын президенти Зурабишвили расмий жолугушуулардын негизинде борбор шаар Тбилисиге барган венгер кесиптеши Адерди президенттик сарайында расмий азем менен тосуп алды.

Эки президент жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Зурабишвили жолугушууда Грузиянын жеринин бүтүндүгү маселелерин карап чыгышкандарын белгиледи.

«Венгриянын Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө берген колдоосун билебиз. Венгрия бул тууралуу биз даярдаган мыйзам долбоорун ар дайым колдоп жатат жана бул биз үчүн абдан маанилүү»,- деген Зурабишвили Адердин Түштүк Осетияны иликтей тургандыгын да айтты.

Адер болсо Грузияга биринчи расмий сапарын жасагандыгын жана мындан сыймыктангандыгын билдирди.

Грузиянын түштүгүндө бир тараптан коопсуздук бир тараптан НАТО менен интеграция маселелеринин бар экендигин белгилеген Адер : «Венгрия андан мурда кылгандай келечекте да Грузиянын НАТО менен интеграция процессине колдоо берет»,- деди. Адер эки күндүк Грузия сапарынын негизинде Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетиянын оккупацияланган аймагына барат жана бул жерде иликтөө жүргүзөт.



Тектеш кабарлар