Путин: «Түркия G-7ге киргизилүүсү керек»
Путин Владивосток шаарында өткөрүлгөн форумда сөз сүйлөдү.
![Путин: «Түркия G-7ге киргизилүүсү керек»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6ba5/ad82/d454/5d70f0bc9f46c.jpg?time=1718777630)
Орусиянын президенти Владимир Путин, С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алган Түркиянын күчү жана эл аралык маселелердеги таасирдүүлүгү эске алынганда Анкаранын Чоң жетиге (G7) киргизилүүсү керектигин айтты.
Орусиянын эң чыгышындагы Владивосток шаарында өткөрүлгөн 5-Чыгыш экономикалык форумунда сөз сүйлөгөн Путин: «Жакында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушканымда ал менден эмне себептен Түркиянын да Чоң жетиге киргизилиши темасын күн тартибине койбогонумду сурады. С-400дөрдү сатып алгандан кийин Түркиянын аба мейкиндигин коопсуз түрдө сактагандыгын ойлогондо, эл аралык маселелер жана аймактагы ролу эске алынганда, Түркиянын аракеттерине ушундай форматта муктаждык болот»,-деп баа берди.
Путин: «Кытай жана Индия менен катар Түркиянын да эл аралык ролунун алкагында (G7) ушундай форматта орун алуусу туура болот»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718777631)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.