Орусиянын Новатэк фирмасы эң чоң СПГ долбоорун ишке ашырууда

Арктик СПГ  2  Ямало СПГден кийин Новатэк фирмасынын экинчи СПГ өндүрүү долбоору болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Жылда 19, 8 миллион СПГ өндүрүү пландалган долбоордун 2023 – жылы ишке кириши күтүлүүдө.

1264367
Орусиянын Новатэк фирмасы эң чоң СПГ долбоорун ишке ашырууда

 Орусиянын көз карандысыз эң чоң жаратылыш газ фирмасы Новатэк Сибирь аймагында кура турган Арктик СПГ 2  комплексин баштоо чечимин чыгарды.  

Новатэктен берилген маалыматта 21, 3 миллиард долларлык инвестиция менен турмушка ашырыла турган долбоор үчүн башкаруунун акыркы инвестиция чечимин чыгаргандыгы белгиленди.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Новатэктин жогорку башкаруучусу Леонид Михелсон фирманын глобалдык суюлтулган жаратылыш газ (СПГ) базарында маанилүү бир актер катары жогорулагандыгын белгилеп : «Бүгүн экинчи чоң СПГ долбоорубуз Арктик СПГ 2 үчүн акыркы инвестиция чечимин бекитип, дүйнөнүн эң чоң СПГ өндүрүүчүлөрүнүн бири болуу жолунда маанилүү бир кадам таштадык»,- деди.

Арктик СПГ  2  Ямало СПГден кийин Новатэк фирмасынын экинчи СПГ өндүрүү долбоору болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Жылда 19, 8 миллион СПГ өндүрүү пландалган долбоордун 2023 – жылы ишке кириши күтүлүүдө.

Долбоордо Япон JOGMEC фирмасы 10 пайыз, Кытайдын CNPC жана Япон Митсуи консорциум 10 пайыз, CNPCнин туунду фирмасы CNODC фирмасынын 10 пайыз, француз TOTAL фирмасынын 10 пайыз жана Новатэктин 60 пайыздык үлүшү бар.



Тектеш кабарлар