Сириянын түндүгүндө бомбалуу кол салуулар болду

Окуя болгон жерге барган коопсуздук күчтөрү чөйрөдө коопсуздук чараларын көрүштү.

1263131
Сириянын түндүгүндө бомбалуу кол салуулар болду

Сириянын түндүгүндөгү Халеб облусуна караштуу Азез районунда мотоциклге жайгаштырылган бомбанын жарылышынын себебинен бир жаран каза болду.

Килистин маңдайында Сириянын территориясында орун алган Азез районунун борборунда бир мотоциклге жайгаштырылган бомба жарылды.

Жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир жаран каза тапты, 11 жаран жаракат алды.

Жарылуунун таасири менен чөйрөдөгү дүкөндөр зыянга учурап , чыккан өрттү Жарандык коргонуу топтору өчүрүштү.

Окуя болгон жерге барган коопсуздук күчтөрү чөйрөдө коопсуздук чараларын көрүштү.

Жаралуулар аймактагы ооруканаларга өткөрүлдү.

Түркия чек арасындагы Чобанбей жергесинде да бир мотоциклге жайгаштырылган бомба жардырылды.

Окуяда каза болгон же жаракат алган болгон жок.

Коопсуздук бөлүктөрү удаама-удаа болгон кол салуулардын террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан жүргүзүлгөнү ыктымалдуулугуна токтолушту.

ЙПГ/ПКК террор уюму Манбиж аймагындагы элементтери менен барган жерлеринде убак-убагы менен отурукташкан аймакатарда жарандарга карай бомбалуу кол салууларды кылып келет.

Буга кошумчалай кетсек, Азез районунда кечээ башка бир мотоциклге жайгаштырылган бомбанын жарылуусунун натыйжасында да 5 жаран жаракат алды, айрым үйлөр зыянга учурады.

Чөйрөдө коопсуздук чаралары көрүлүп, жаралуулар аймактардагы ооруканаларга жеткирилди.



Тектеш кабарлар