«Дориан» бороон-чапкынынын кесепети
Катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгыр Багам аралдарына олуттуу зыян келтирди.
1262717
Атлантика океанында жылып бараткан жана Багама аралдарын уруп өткөн «Дориан» бороон-чапкыны 5 кишинин каза болушуна жана кеминде 21 кишинин жаракат алышына себеп болду.
Ылдамдыгы саатына 295 километрге жеткен «Дориан» эң күчтүү бороон-чапкын деп катталды.
Катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгыр Багам аралдарына олуттуу зыян келтирди.
АКШнын түштүк-чыгыш жээктерине жакындаган «Дориандын» дүйшөмбү күнү кечинде Флорида жээктеринде таасирдүү болушу күтүлүп жатат.