АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарат

АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү Залмай Халилзад, Талибан менен болгон акыркы тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында принцип катары макулдашууга жетишкендерин айтты.

1262974
АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарат

АКШ Ооганстандан 5 миң аскерин чыгарып кетет.

АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү Залмай Халилзад, Талибан менен болгон акыркы тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында принцип катары макулдашууга жетишкендерин айтты.

Халилзад, Ооганстанда эфирге чыккан жеке менчик телеберүүгө берген мааалыматында Талибан менен макулдашууга жетишкендерин жана келишим текстин АКШнын президенти Дональд Трамптын бекитүүсүнө сунуштай тургандарын айтты.

Келишим шарттары катары менен орундатылса 135 күндүн ичинде Ооганстандагы 5 базадан чыгып кете тургандарын айткан Халилзад: «Талибан менен түзүлгөн келишимдин талабына ылайык биринчи баскычта Оогонастанда орун алган 14 миң аскерибизден 5 базабыздан 5 миң аскерибизди чыгаруудабыз»,-деди.

Халилзад, ошондой эле келишимге ылайык биринчи баскычта Кабул жана Парван провинциясында зомбулуктун азайтыла турганын баса белгиледи.

Тогузунчу жолу Талибан өкүлү менен Катарда тынчтык сүйлөшүүсүн жүргүзгөн Халилзад, жекшемиби күнү кечинде борбор калаа Кабулга барды жана президент Ашраф Гани менен жолукту.



Тектеш кабарлар