Японияда талаш-тартыш жараткан дельфин уулоо сезону башталды
Буга жаратылышты сүйүүчүлөр каршы чыгышууда.
1262239
Япониянын Тайцзи шаарындагы талаш-тартыш жараткан салтка айланган дельфин уулоо сезону башталды.
Кечээ башталган дельфин уулоо сезону, жаратылышты сүйүүчүлөр менен балыкчыларды дагы бир жолу бетме-бет келтирди.
Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда балыкчы кайыктарынын дельфин кармабастан артка кайткандары белгиленди.
Бир тараптан жаратылышты сүйүүчүлөр, бүгүн беш боз дельфиндин кармалгандыгын же өлтүрүлгөндүгүн билдиришти.
Болжол менен 6 айга созулаары күтүлгөн аң уулоо сезонунда кеминде 1 миң 700 дельфиндин кармала турганы божомолдонуп жатат.