Сауд Арабия менен АКШнын ортосунда сүйлөшүү өткөрүлдү

Сүйлөшүү Пентагондо өттү.

1261136
Сауд Арабия менен АКШнын ортосунда сүйлөшүү өткөрүлдү

Сауд Арабиянын коргоо минстринин орун басары жана мураскор ханзаада Мухаммед бин Салмандын кичүү бир тууганы Халид бин Салман, АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Пентагондо Иран жана Йемен темаларынын алкагында коргонуу күчү жана аскердик багыттагы стратегиялык кызматташтыктын күчтөндүрүлүүсүн талкуулашты.

Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттигинин кабарына караганда, Халид бин Салман Пентагондо АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Иран жана Йемен маселесин сүйлөштү.

Кабарда, өзгөчө аскердик жана коргонуу тармактарындагы стратегиялык кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү жана эки тараптуу карым-катнаштар каралган жолугушууда, аймактын коопсуздугуна таасирин тийгизгендиги айтылган Ирандын мамилесине каршылык көрсөтүү жана террорго каршы күрөшүүнү да камтыган аймактык жана эл аралык маселелердин талкуулангандыгы белгиленди.

Рияд башкаруучулугу менен бирге Булуң өлкөлөрү жана АКШ, Иранды булуңдагы мунай танкерлерине жана техникаларына кол салып, деңиз транспортуна коркунуч туудурганы менен күнөөлөсө, Тегеран башкаруучулу бул айтымдарды четке кагууда.



Тектеш кабарлар