Жүргүнчүлөрдү ташыган паромдо өрт чыкты
Паромдо 174 киши болгон.
1259671
Филиппиндин Замбоанга-дель-Норте аймагынын жээктеринде жүргүнчүлөрдү ташыган паромдо өрт чыгып алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 киши көз жумду.
CNN Филиппиндин маалыматына караганда, Себу шаарынан жолго чыгып Дапитан шаарына бара жаткан жүргүнчү паромунда өрт чыккандыгы белгиленди.
Өрттөн 3 кишинин каза болгондугу маалымдалган билдирүүдө, паромдо 136 жүргүнчү жана экипаждын 38 мүчөсү менен бирге 174 кишинин болгондугу айтылууда.
Билдирүүдө паромдогу 102 кишинин куткарылгандыгы, калган 69 киши үчүн издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыгы белгиленди.
Өрттүн себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.