Мексикада барда өрт чыгып 23 адам көз жумду

Бардын атайылап өрттөлгөндүгү айтылууда.

1259946
Мексикада барда өрт чыгып 23 адам көз жумду

 

Мексиканын түштүгүндөгү Веракрус аймагында бир бардын өрттөлүшүнөн 23 адам көз жумду.

Жооптуу кызматтагылар, Веракрустун жээк шаары Коацакоалькостогу "Caballo Blanco" аттуу бардын кол салгычтар тарабынан өрттөлгөндүгүн билдиришти.

Кол салууда 8и аял 23 кишинин каза тапканы, 13 кишинин жаракат алганы белгиленсе, кол салгычтардын кармалуусу үчүн издөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Кол салууга бандалардын ортосундагы келишпестиктин себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар