Президент Эрдоган Москвада бешинчи муундагы орус учактарын иликтеди

Эрдоган менен Путин «МАКС-2019» жарманкесин кыдырышты.

1259429
Президент Эрдоган Москвада бешинчи муундагы орус учактарын иликтеди
erdogan-putin.jpg
erdogan-putin.jpg
erdogan-putin.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын өзү өндүргөн бешинчи муундагы согуштук учактарын жана тик учарларын иликтеди.

Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин, баш калаа Москвада өткөрүлгөн «МАКС-2019» Эл аралык космос жана авиация жарманкесин кыдырып, иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Президент Эрдоган бир күндүк иш сапарынын алкагында эртең менен Орусиянын борбор шаары Москвага барды. Эрдоган «Жуковский» аэропортунда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери, Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар менен берки тийиштүүлөр тарабынан тосулуп алынды.

«МАКС-2019» көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышкан Путин менен Эрдоган бул жерде өз-өзүнчө сөз сүйлөштү.

Андан соң Путин менен бирге жарманке аянтындагы стенддерди кыдырган Эрдоган, арасында бешинчи муундагы орус согуштук учактары СУ-57 да болгон учак жана тик учарлар тууралуу маалымат алды.



Тектеш кабарлар