Пакистан Эл аралык сотко кайрылат

Куреши: «Мамилебиз так, ачык жана принциптүү. Мындан артка кадам таштабайбыз»

1255727
Пакистан Эл аралык сотко кайрылат

 

Пакистан өкмөтү, Индиянын Жамму Кашмирге өзгөчөлүк тааныган конституциялык беренени жоюу чечимин Эл аралык сотко алып барууга даярданып жатат.

Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши журналисттерге берген маалыматында, айрым техникалык жана юридикалык жактарын карап чыккандан кийин Индиянын Жаму Кашмирге карата чечими боюнча Эл аралык сотко кайрыла тургандарын белгиледи.

Баардык юридикалык альнернативаларды карап чыккандан кийин ушундай чечимге келгендерин айткан Куреши: «Мамилебиз так, ачык жана принциптүү. Мындан артка кадам таштабайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар