АКШ Тайванга F-16 учактарын сатат
Бул тууралуу АКШнын Коргоо, коопсуздук кызматташтыгы агенттигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.
АКШнын Мамлекеттик департаменти, Тайванга 8 миллиард доллардык 66 F-16 Blok 70 үлгүсүндөгү учактын сатылуусун бекитти.
АКШнын Коргоо, коопсуздук кызматташтыгы агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, «Мамлекеттик катчылык Тайбэй экономикалык жана маданий өкүлчүлүгүнүнө ыктымалдуу тышкы аскердик сатуулардын алкагында 8 миллиард доллардык 66 F-16 Blok 70 үлгүсүндөгү учагы жана тийиштүү комплектилеринин сатылуусун бекитти»,делди.
Жарыяда сөз болгон сатуу бекитүүсүнүн Конгресске билдирилгени маалымдалды.
АКШ менен Тайвандын ортосунда расмий дипломатиялык карым-катнаш болбогондуктан Тайбэй экономикалык жана маданий өкүлчүлүгү Вашингтондо Тайванды өкүлдүк кылууда.
Бул тема тууралуу маалымат берген мамлекеттик катчы Майк Помпео: «Президент (Дональд Трамп) өткөн аптада бейшемби же жума күнү бул F-16 Blok 70 сатуусу үчүн кадам таштообуз темасында Конгресске жөнөтүлө турган маалымдоону бекитти. Булар (сатуулар) Кытай жана АКШнын ортосундагы үч өнөктөштүн биргелешкен билдирүүсү менен катар келишим жана тарыхый карым-катнаштарга дал келет. Кадамдарыбыз АКШнын өтмүштөгү саясаттары менен бирдей. Биз бир гана бардык тараптарга берген убадаларыбызды орундатуудабыз»,-деди.
АКШ башкаруучулугунун мындан мурда түздөн-түз Тайван менен сүйлөшүүсү Кытай менен АКШнын ортосунда дипломатиялык чыңалууга себеп болгон.
АКШ, 1972-жылдан бери Тайванды расмий түрдө Кытайдын бир бөлүгү деп тааныса дагы, 1979-жылдагы Тайван менен карым катнаштар мыйзамынын алкагында Тайван менен расмий эмес карым-катнаштарын улантууда.