Индиянын Чандраян-2 аппараты Айдын орбитасында
Ал Айдын орбитасында айлана баштады.
1255300
![Индиянын Чандраян-2 аппараты Айдын орбитасында](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6fb4/bf3c/cc5c/5d5bad476ff7b.jpg?time=1718827721)
Индиянын учкучсуз космостук кемеси Чандраян-2 Айдын орбитасында айлана баштады.
Космостук изилдөө уюму дээрлик бир ай мурда Жерден учуп кеткен Чандраян-2 кемесин Айдын орбитасына киргизе алгандарын билдирди.
Чандраян-2нин Айдын бетине 100 чакырым жакындаганга дейре орбитада айлануусун уланта турганы белгиленди.
Бул аралыкка жеткенден кийин Чандраян-2нин дөңгөлөктүү аппаратынын 7-сентябрда Айдын түштүк уюлунда эки кратердин ортосундагы жайык түздүккө кондурулушу пландалып жатат.
Бул аппараттын ал жерде 100 миллион тонна суу бар экендиги божомолдонгон кратерлерди иликтеши күтүлүүдө.
Индия алгач Чандраян-1 кемесин 2008-жылы Айга учуруп, 2014-жылы да Марстын орбитасына спутник жайгаштыра алган болчу.