Үч өлкөнүн Орусияга чоң суммада карызы бар

Орусиядан жалпы 17 өлкө карыз алган.

1254866
Үч өлкөнүн Орусияга чоң суммада карызы бар

 

Орусияга эң көп каржылык карызы бар үч өлкөнүн Беларусь, Украина жана Венесуэла экендиги билдирилди.

RBK гезитинин ар кайсы мамлекеттик булактардан алып берген маалыматына караганда, жалпы 17 өлкөнүн Орусияга 39,4 миллиард долларлык карызы бар.

7,55 миллиард долларлык карыз менен Беларусь Орусияга эң көп карызы бар өлкө болсо, Украина 3,7 миллиард долларлык карыз менен экинчи, Венесуэла болсо 3,5 миллиард долларлык карыз менен үчүнчү орунда турат.

Беларустун Орусияга карызы 2012-жылдан бери эки эсе көбөйсө, Орусиянын премьер-министринин биринчи орун басары жана каржы министри Антон Силуанов билдирүүсүндө, Беларустун карызынын кайрадан эсептелбей тургандыгын айткан эле.

Украина өкмөтү болсо Орусиянын жарыялаган карыз суммасын кабыл алган жок жана 1990-жылдардын башында импорттолгон орус газынан улам Орусияга орто эсеп менен 600 миллион долларлык карызы бар экенин жактоодо.

Ал эми Орусиянын президенти Путин июнь айындагы билдирүүсүндө, Венесуэланын Орусияга карызы 3,5 миллиард долларга жеткенин айткан болчу.

Бул өлкөлөрдөн кийин 3,2 миллиард долларлык карыз менен Куба жана 2 миллиард долларлык карыз менен Бангладеш турат.

 



Тектеш кабарлар