Индиядагы сел жана жер көчкүлөрдүн кесепети

Каза тапкандардын саны 350 кишиге жетти.

1254434
Индиядагы сел жана жер көчкүлөрдүн кесепети

 

Индиянын ар кайсы аймактарына таасирин тийгизген сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 350 кишиге жетти.

Пресс Траст Индиянын кабарына караганда, катуу жамгырлардан таасирленген Керала, Махараштра, Мадхья-Прадеш, Ракастан, Андра-Прадеш жана Карнатака аймактарында болгон сел жана жер көчкүлөрдөн дагы 17 адам жабыркап ушундайча каза тапкандардын саны 350 кишиге жетти.

Махараштрада 1 миң 519 үйдүн жарактан чыгып калганын билдиришкен жооптуу кызматкерлер, орто эсеп менен 20 миң үйдүн да жарым-жартылай зыянга учураганын айтышты.

Карнатакада 992ден ашуун малдын кырылып калганы жана 10 кишинин да изделип жаткандыгы маалымдалды.

Каза тапкандардын саны акыркы жолу 333 киши деп билдирилген эле.

Индиянын Химачал-Прадеш аймагындагы сел жана жер көчкүлөрдөн да 22 киши каза таап, 9 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар