Кабулдагы бакыт үйүндө жарылуу болду;63 киши көз жумду
Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрет Рахмаи, медиага маалымат берди.
Ооганстандын борбор калаасы Кабулдагы бакыт үйүндө жарылуу болуп көп сандаган киши каза тапканы билдирилди.
Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрет Рахмаи, медиага берген маалыматында Кабулдун 6-коопсуздук аймагындагы бакыт үйү Касри Дубаиде жарылуу болгонун айтты.
Рахими жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:40та болгон жарылууда көп сандаган киши каза тапканын айтты.
Жаралуулар ооруканаларга жеткирилгени белгиленди. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.
Акыркы келген маалыматтарга караганда борбор шаар Кабулда кечээ түнү болгон жан кечтилик кол салуусунда арасында аял жана балдар да болгон 63 киши каза таап, 182 киши жаракат алган.
Тектеш кабарлар
Словения Палестинаны тааныйт
Словениянын 13-июнга чейин Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгарары күтүлүүдө.