Сауд Арабиянын королу менен Бириккен Араб Эмирликтринин мурескер принци Йемен тууралуу сүйлөштү

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги СПАнын берген кабарына караганда Король Селман, мураскер принц Бин Зайидди Мекедеги Мина сарайында кабыл алды.

1252050
Сауд Арабиянын королу менен Бириккен Араб Эмирликтринин мурескер принци Йемен тууралуу сүйлөштү

Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз Абу Дабинин мурскер принци Шейх Мухаммед бин Зайид Ал Нахян менен Йемен тууралуу сүйлөштү.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги СПАнын берген кабарына караганда Король Селман, мураскер принц Бин Зайидди Мекедеги Мина сарайында кабыл алды.

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селман да катышкан жолугушууда башта Йемен болгон аймактагы бардык абалдар каралды.

Бириккен Араб Эмирликтеринин расмий маалымат агенттиги WAMдын берген кабарында Абу Дабинин мураскер принци Бин Зайид сүйлөшүүдө : «Сауд Арабия аймак коопсуздугунун  негизги тирөөчү»,- деп эки өлкө карым  - катнаштарынын өткөн күндө болгондой келечекте да бекем жана күчтүү болорун айтты.

Бириккен Араб Эмирликтери менен Сауд Арабиянын Йеменде кагылышкан тараптарды диалогго, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору кармоого чакыргандыгын белгилеген Бин Зийад Рияд башкаруусунун Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде кагылышкан тараптарды диалог үчүн Сауд Арабияда чогулууга чакырууну оң кабыл алды.

Йеменде өлкөнүн мыйзамдуу башкаруусуна каршы согушкан Иран колдогон хусилер менен күрөштө Йемен армиясына колдоо берүү максатында түзүлгөн Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалициянын негизги актерлорунан Бириккен Араб Эмирликтери Йемен өкмөтү тарабынан убактылуу борбор шаар Аденде акыркы күндөрдө болгон окуялардан жооптуу деп айтылууда.



Тектеш кабарлар