Дохадагы АКШ жана Талибан сүйлөшүүлөрү аяктады
Сүйлөшүүлөрдү «констриктивдүү жана узун» деп мүнөздөгөн Мүжахит эки тараптын тең лидерлери менен келерки кадамдар тууралуу кеңешерин билдирди.
1252047
АКШ менен Талибандын ортосунда Катардын борбор шаары Дохада болгон жолугушуулардын сегизинчи туру аяктады.
Борбору Катар болгон Аль Жазира телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Талибан катчысы Забихулла Мүжахит Талибан жана АКШнын ортосунда Дохада болгон сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи турунун кечээ кечинде аяктагандыгын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдү «констриктивдүү жана узун» деп мүнөздөгөн Мүжахит эки тараптын тең лидерлери менен келерки кадамдар тууралуу кеңешерин билдирди.
Катар эмири Темим бин Хамед Ал Сани АКШнын президенти Трамп менен бейшемби күнү өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Талибан жана АКШ сүйлөшүүлөрүндөгү абалдарды да карашкан.