Орусияда аскердик бөлүктө чыккан жарылуу

Жарылууда отуз үч киши жаралангандыгы билдирилди.

1251679
Орусияда аскердик бөлүктө чыккан жарылуу

Өткөн жумада Орусиянын Ачинск шаарындагы аскердик бөлүктүн ок  - дары сактаган кампасында  чыккан жарылууда жаралангандардын саны отуз үчкө жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта Красноярск  аймагынын Ачинск шаарында өткөн жумада болгон жарылууда отуз үч кишинин жаралангандыгы билдирилди. Мындан мурунку билдирүүлөрдө  бир кишинин каза болгондугу белгиленген. Өткөн  жумада Орусиянын Архангельск аймагынын Северодвинск шаарындагы башка бир аскердик бөлүктө да ракеталык моторду сыноо учурунда чыккан жарылууда беш киши каза болгон.



Тектеш кабарлар