Сирияда ЙПГ/ПКК, ЭСАнын жайгашкан жерине кол салды

Чыккан кагылышууларда  ЭСАнын бир мүчөсү каза болду, 5  мүчөсү жаракат алды.

1250910
Сирияда ЙПГ/ПКК, ЭСАнын жайгашкан жерине кол салды

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган Тель- Рыфат шаарынан Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) Маре районундагы фронт чек арасына кирүү аракетин кылгандардын себебинен чыккан кагылышууларда бир киши каза тапты, 5 киши жаракат алды.

Тель-Рыфат районунда уюк салган террордук уюм ЙПГ/ПКК, түнкү убактарда Маренин түштүк-чыгышындагы Түвейс аймагына ЭСА күчтөрүнүн жайгашкан жерлерине кирип кетүү аракетин кылышты.

Чыккан кагылышууларда  ЭСАнын бир мүчөсү каза болду, 5  мүчөсү жаракат алды.

Африндин түштүк-чыгыш жагында Азездин түштүк жагында орун алган Тель-Рыфат, 3 жылдан бери террордук уюмдун басып алуусунда турат.

Аймакта жашаган 250 миңдей жаранды көчүүгө мажбурлаган ЙПГ/ПКК, убак-убагы менен райондон ЭСАнын территориясына кирүү аракетин кылып кол салып келет.



Тектеш кабарлар