Орусиянын Идлибдеги кол салуусу

Орусиянын Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы отурукташуу жерлерине кечээ кечки сааттарда жасалган абадан кол салууларында төрт жаран каза болу.

1250712
Орусиянын Идлибдеги кол салуусу

Сирияда Башар Асад режиминин колдоочусу Орусиянын Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы отурукташуу жерлерине кечээ кечки сааттарда жасалган абадан кол салууларында төрт жаран каза болу.

Сирияда режим жана колдоочулары Хан Шейхун району,  Теманийе аймагы, Хабит, Сукейк, Кеферсежне, Медая жана Эрманая айылдарына, Хаманын түндүк элетинде Кефер Зита, Латамине райондоруна жана Латмин айылына кечки сааттарда кургактыктан жана абадан кол салууларын күчөттү.

Оппозициячылдарга таандык учак байкоо  үйү менен жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда Орусия аскердик учактарынын бомбалоосунда Идлибдин Хан Шейхун районунда үч, Хаманин Латмин айылында бир жаран каза болду.

Жарандык коргоо топтору уранды астынан издөө  - куткаруу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар