АКШ менен Канада Түндүк уюлдун коргонуусун жаңыдан түзөт

Бул туурасында СВС телеканалы билдирди.

1250740
АКШ менен Канада Түндүк уюлдун коргонуусун жаңыдан түзөт

 

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Канада, Орусия менен Түндүк Кореянын коркунуч жана эреже бузууларынын себебинен Түндүк Уюлдун аба жана деңиз коопсуздугун коргогон Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгын (NORAD) жаңыдан түзөт.

Канаданын расмий СВС телеканалынын АКШ жана Канададагы аскердик булактарына таянып берилген маалыматтында, Түндүк уюлдун аба жана деңиз коопсуздугун коргоо үчүн 1957-жылы курулган Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгы (NORAD) күчөгөн коркунучтардан улам жаңыдан түзүлөт.

Эки өлкөнүн коргонуу министрликтеринин макулдашуусунан кийин NORADга тиешелүү аба порттору, радар станциялары, спутник жана курал системамалары оңдолуп түзөтүлөт.

Түндүк Кореянын баллистикалык ракета коркунучу жана орус согуш учактарынын зыяндуу коркунучтарынан улам NORAD Борбордук штабына акыркы технологиядагы конттиненттер аралык ракета системалары да курулат.

Борбордук штаб, АКШнын Колорадо штатынын Колорадо-Спрингс шаарынындагы Петерсон аба күчтөрүнүн базасында жайгашкан NORAD, Америка Кошмо Штаттарынын жана Канаданын Түндүк уюлдагы жээк суулары жана аба коопсуздугун сактоо үчүн курулган уюм экендиги белгилүү.

 



Тектеш кабарлар