500 миң аракандык мусулман үчүн күбөлүк карточкасы чыгарылды

Жашы 12ден чоң болгон бардык качкындар үчүн биометрикалык карточка чыгарылды.

1250875
500 миң аракандык мусулман үчүн  күбөлүк карточкасы чыгарылды

Бангладеште лагерлерде жашап жаткан 500 миңден ашуун аракандык мусулман качкынга жаңы күбөлүк карточкалары чыгарылды.

БУУнун Жогорку Комиссарлыгынын билдирүүсүндө Мьянмадан келген 500 миңден ашуун аракандык мусулман качкын Бангладеш жана БУУнун Жогорку Комиссарлыгынын жетекчилери тарабынан каттоого алынгандыгы бидирилди. Маалыматта жашы 12ден чоң болгон бардык качкындар үчүн биометрикалык карточкалардын чыгарылгандыгы, бул карточкалардын аялдар менен балдар жана майып качкындардын жеке муктаждыктарынын камсыз кылынышына жардамчы болушунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Карточкалардын гуманитардык жардам мекемелеринин дагы координациялуу иштешине жана жардам албаган эч кимдин болбой тургандыгына салым кошору баса белгиленген маалыматта бул документтердин өзгөчө аракандык мусулмандардын Мьянмага ишенимдүү кайтышы үчүн да маанилүү элемент болору белгиленди.



Тектеш кабарлар