Германияда эки күндө бир мечитке кол салуу

Германияда өткөн айда ар бир эки күндө бир мечит бомбалуу кол салуу менен коркутулду.

1249925
Германияда эки күндө бир мечитке кол салуу

Германияда өткөн айда ар бир эки күндө бир мечит бомбалуу кол салуу менен коркутулду.

Bild гезитинин коопсуздук булактарына таяндырып берген кабарында июль айында ар эки күндө бир мечиттин нео - нацисттик топ  тарабынан коркутуу жана кол салуулардын бутасы болгондугу ортого салынды.

Кабарда коркутуу баскычынан өтүп, кол салууга айланган окуяларга да орун берилди.

Коопсуздук булактары акыркы мезгилде Изерлон, Кельн, Мюнхен, Мангейм, Дуйсбург, Майнц жана Филлинген Швеннинген шаарларындагы мечиттерге бомба жайгаштырылгандыгы жана  ыбадатканалардын дароо бошотулушу керектиги тууралуу билдирүү алды.

Адис топтор мечиттерди бошотуу менен изилдөө жүргүзсө да эч бир жарылуучу зат таба алган жок. Өлкөдө өткөн айларда да кээ бир мечиттерге өрт коюлуп, кээ бирлерине болсо өрт коюу аракети жасалды.

Кээ бир мечиттерде Куран Карим жыртылып, дубалдарга түрдүү жазуулар жазылып, материалдык чыгымга жол ачкан.



Тектеш кабарлар