Бангладештеги сары безгек оорусу
Бангладеште жылдын башынан бери сары безгек менен ооруган киши саны 32 миң 340ка жетти.
1249894
![Бангладештеги сары безгек оорусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c4ae/ed44/8797/56de9dac47aac.jpg?time=1718866206)
Бангладеште жылдын башынан бери сары безгек менен ооруган киши саны 32 миң 340ка жетти.
"Dhaka Tribuneнин» кабарына караганда саламаттыкты тейлөө боюнча башкы директорлугунан берилген маалыматта өлкөдөгү сары безгек эпидемиясында 1 - январдан 7 - августка чейин катталган оорулуу саны 32 миң 340 деп бидирилди.
Жалпы өлкөдө акыркы 24 саатта сары безгектен улам 2 428 кишинин ооруканаларга кайрылгандыгы билдирилген маалыматта азыркы учурда дарыланып жаткандардын санынын 8 707 экендиги белгиленди.
Маалыматта 1 - январь, 7 - августта жалпы өлкөдө 23 кишинин сары безгек оорусунан каза болгондугу баса белгиленди.
Жергиликтүү басма сөздө расмий болбогон сандарга караганда бул жылы эпидемиядан каза болгондордун саны 65ке жеткендиги маалымдалды.