Орусияда болгон жарылууну териштирүү башталды

Красноярск аймагынын Ачинск шаарындагы аскердик бөлүктүн ок-дары сактаган кампасында мурдагы күнү болгон жарылууда 1 киши каза тапты, 8 киши жаракат алды.

1249133
Орусияда болгон жарылууну териштирүү башталды

Орусиянын Красноярск аймагынын Ачинск шаарындагы аскердик бөлүктүн ок-дары сактаган кампасында мурдагы күнү болгон жарылууда 1 киши каза тапты, 8 киши жаракат алды.

Курал жүктөө процедуралары убагында болгон жарылуу тууралуу териштирүү башталды.

Орусиядагы кечээ аскердик кампада болгон жарылуудан кийин аймактан 16 миң 500дөн ашык адам эвакуацияланды.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАССта жарыяланган кабарга ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда: “Аймакка жакын жайгашкан чөйрөдө жашаган адамдардын жан коопсуздугу үчүн алдын алуучу 9 жайгашуу жеринен 9 миң 533 киши эвакуацияланды жана болжол менен 7 миң киши өз алдынча аймакты таштап кетишти”-деди.

Мындан сырткары 3 шаар жана 2 аймакта 30 убактылуу баш калкалоочу жерлердин курулгандыгын жана бул жерлерде 3 миң 857 кишинин орун алгандыгын белгиледи.

Эвакуация болгондорго мединициналык жана психологиялык жардамдын көрсөтүлгөнүн билдирди.

Жарылуу Орусиянын Красноярск аймагындагы ок-дары сакталган аскердик кампада болду. Жарылуу болгон кампада 2 миң маанилүү ок-дарылар болгондугун айткан эле.



Тектеш кабарлар