Афганстанда болгон кол салуу
Террордук кол салууда 42 киши каза болду.
1249257
![Афганстанда болгон кол салуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b0fa/c2bd/6f99/5d4a79662591f.jpg?time=1718855676)
Афганстандын борбор шаары Кабулда полицияны бутага алган бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 34 киши жараланды.
Ички иштер министрлигинин катчысы Нусрат Рахими борбор шаар Кабулдун эл көп болгон Мирваис Маиден аймагында жарылуунун болгондугун белгиледи. Бомбалуу кол салуунун амактагы бир полиция имаратын бутага алгандыгын айткан Рахими кол салуудан мурда коопсуздук күчтөрүнүн шаардагы террордук уюм ДЕАШтын клеткаларына карата операция баштаткандыгына көңүлдөрдү бурду.
Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Вахидуллах Майар эң аз 32 кишинин ооруканага жаткырылгандыгын билдирди. Өлкөдө кечээ да эки башка шаарда болгон бомбалуу кол салуу жана кагылышууда 42 киши каза болгон.