Орусиядагы жарылуу болгон аймактын тургундары эвакуацияланууда

Орусиянын маалымат агенттиги ТАССта бул тууралуу маалымат жарыяланды.

1248995
Орусиядагы жарылуу болгон аймактын тургундары эвакуацияланууда

Орусиядагы кечээ аскердик кампада болгон жарылуудан кийин аймактан 16 миң 500дөн ашык адам эвакуацияланды.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАССта жарыяланган кабарга ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда: “Аймакка жакын жайгашкан чөйрөдө жашаган адамдардын жан сактыгы үчүн алдын алуучу 9 жайгашуу жеринен 9 миң 533 киши эвакуацияланды жана болжол менен 7 миң киши өз алдынча аймакты таштап кетишти”-деди.

Мындан сырткары 3 шаар жана 2 аймакта 30 убактылуу баш калкалоочу жерлердин курулгандыгын жана бул жерлерде 3 миң 857 кишинин орун алгандыгын белгиледи.

Эвакуация болгондорго мединициналык жана психологиялык жардамдын көрсөтүлгөнүн билдирди.

Жарылуу Орусиянын Красноярск аймагындагы ок-дары сакталган аскердик кампада болду. Жарылуу болгон кампада 2 миң маанилүү ок-дарылар болгондугун айткан эле.



Тектеш кабарлар