БУУ Тексаста болгон кол салууну айыптады
АКШнын президенти Дональд Трамп да жек көрүү жана ак расизмдин баары тарабынан айыпталышы керектигин белгиледи.
![БУУ Тексаста болгон кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2916/a17b/3341/5d4920304479b.jpg?time=1718850998)
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш АКШнын Тексас аймагында жуманын акырында болгон жана 21 кишинин каза болушуна себеп болгон окуяны «террордук кол салуу» деп мүнөздөп, айыптады.
БУУнун башкы катчысынын өкүлү берген маалыматта Гутеррештин Тексастагы «террордук кол салуу» жана Огайо аймагынын Дайтон шаарындагы куралдуу кол салууну айыптагандыгы билдирилди.
Гутерреш жек көрүү, улутчулдук, чет элдик душмандыгы жана түрдүү бөлүүчүлүк менен күрөшүү үчүн бирдикте иштөө керектигин айтты.
АКШнын Тексас аймагына караштуу Ел Пасо шаарындагы бир архив борборунда жуманын акырында жасалган куралдуу кол салууда 21 киши каза болуп, 26 киши жараланган.
Бул кол салуулардан көптөгөн убакыттан кийин Огайо аймагына караштуу Дайтон шаарында бир бардын жакындарында жасалган куралдуу кол салууда 9 киши каза болгон.
АКШнын коопсуздук бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин эки кол салууда тең «ак расизм» мотивдеринин бар экендиги билдирилип, Тексас кол салуусу үчүн «ички террор» деген мүнөздөмө берилген.
АКШнын президенти Дональд Трамп да жек көрүү жана ак расизмдин баары тарабынан айыпталышы керектигин белгиледи.