Жапонияда болгон жер титирөө
Кечээ Жапониянын түндүк чыгышында 6, 3 баллдык жер титирөө болду.
АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору тарабынан эпицентри Наиме шаарынын 54 километр түндүк чыгышы болгон жер титирөөнүн жердин 38, 6 километр астында болгондугун билдирди.
Жапония метеорология агенттиги болсо жер титирөөнүн күчүн 6, 2, тереңдигин да 50 километр деп билдирди.
Фукусима жана Мияги аймактарында сезилген жер титирөөдөн улам «цунами» эскертүүсү берилген жок.
Улуттук NHK телекөрсөтүүсү электр фирмаларынын жер титирөөдөн улам кандайдыр бир чыгым ыктымалына каршы аймактагы өзөктүк реакторлорду текшергендигн билдирди.
Жапонияда 2011 - жылы 11 - мартта болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Фукусима 1 өзөктүк станциясында радиоактивдин чыгышына себеп болгон. Аймакта жашаган он миңдеген киши радиоактивдин чыгышы менен үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.