Орусиядагы оппозициячылдар чоң митинг өткөрүүгө чакырык салууда

Жергиликтүү шайлоого карата оппозиция тарабынан Москва мэриясынын кеңешине мүчө болууга талапкерлердин кайрылуусунун четке каккандыгынан улам  келип чыккан нааразылыктар токтобой уланууда.

1248283
Орусиядагы оппозициячылдар чоң митинг өткөрүүгө чакырык салууда

Орусияда сентябрь айында боло турган жергиликтүү шайлоодон мурун Москвада болуп жаткан нааразылык акциялары уланып жатканда, оппозиция 10-августта ири масштабдагы митинг өткөрө тургандыгын жарыялады.

Жергиликтүү шайлоого карата оппозиция тарабынан Москва мэриясынын кеңешине мүчө болууга талапкерлердин кайрылуусунун четке каккандыгынан улам  келип чыккан нааразылыктар токтобой уланууда.

Дем алыш күндөру болуп өткөн нааразылык акцияларында эң аз миң кишинин кармалгандыгы, алардын он тогузунун суракка алынгандыгы, ал эми калгандарынын эркин кое берилгендиги белгилүү болду.

ОВД - ИНФО  көзкарандысыз адам укуктарын коргоо борбору  полиция кызматкерлери кармалгандардын чөнтөк телефондорун  тартып алгандарын жана адвокаттарынын коргоо укуктарын тийиштүү түрдө ишке ашыра албагандыгын баса белгилеп, орус бийлигин сынга алды.

Камактагы саясатчы оппозиционер Алексей Навальныйдын жардамчысы Леонид Волков, 10-августта өлкө ичинде өзүнүн жеке акцияларын жүргүзө тургандыгын айтып, бардык демонстранттарды көчөгө чыгууга үгүттөдү.

Орусиянын жооптуу кызматкерлери каршылык көрсөткөн жарандардын талаптарынын көбүн четке какса дагы 10-авгутта боло турган митингдердин шаардын тышында өткөрүлө ала тургандыгын билдирди, каршы тарап болсо муну четке кагууда.



Тектеш кабарлар