Орусияда аскердик бөлүктө жарылуу болду

Жарылууда 2 киши жараланды.

1248277
Орусияда аскердик бөлүктө жарылуу болду

Орусиянын Красноярск шаарында бир аскердик бөлүктө чыккан жарылууда 2 киши жараланды.

Орус ТАСС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Красноярск шаарындагы аскердик бөлүктүн курал сактоочу жайында жарылуу болду. Себеби азырынча белгисиз болгон жарылууда 2 киши жараланды.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта аскерлердин окуя болгон жерден чыгарылгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар