Иран АКШга көңүл айтты

Куралдуу кол салууда каза тапкандар үчүн көңүл айтуу билдирүүсү жарыяланды.

1247747
Иран АКШга көңүл айтты

 

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусеви, Техас штатынын Эль-Пасо шаарында 20 киши каза болгон куралдуу кол салууга байланыштуу Америка элине көңүл айтты.

Мусеви Техастагы куралдуу кол салууда каза тапкандар үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Кол салуунун «коркунучтуу» экенин белгилеген Мусеви, АКШ элине жана курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшкөндөрүн айтты. Мусеви кол салууда жаракат алгандардын да тезирээк сакайып кетишин тиледи.

Эль-Пасодогу Сиело-Виста соода борборундагы дүкөндө мурдагы күнү болгон куралдуу кол салууда 20 киши көз жумуп, 26 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар