Түркиянын Кипрде кепилдигин жеңилдетүүгө аракет кылуу пайдасыз

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Куралдуу Күчтөр Күнү кечээ борбор шаар Анкарада белгиленди.

1246884
Түркиянын Кипрде кепилдигин жеңилдетүүгө аракет кылуу пайдасыз
akar kktc resepsiyon.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Кипрде кепилдигин жеңилдетүүгө аракет кылуунун пайдасыз аракет экендигин айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Куралдуу Күчтөр Күнү кечээ борбор шаар Анкарада белгиленди.

Аземге катышкан жана бул жерде сөз сүйлөгөн Хулуси Акар ушул күнгө чейин Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дайыма тынчтык жана ырааттуулукту жактагандыгын көрсөткөндүгүн айтты. Түркиянын Кипрдеги кепилдигинин маанисин баса белгилеген Акар : «Түркиянын кепилдигин түрдүү сөздөр жана аныктамалар менен жеңилдетүүгө, бурмалоого аракет кылуунун эч бир мааниси жок. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо тууралуу чечкиндүү экендигибизден эч ким шектенбесин, эч ким жаңылыш эсеп кылбасын»,- деди.

Акар Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мунай зат тууралуу аткарылган иштерге байланыштуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын орток бир комитеттин курулушун сунуш кылгандыгын жана Түндүк Кипр Рум башкаруусу тарабынан мунун кабыл алынбагандыгын эске салып : «Бул биз түзгөн тынчтыкка, ырааттуулукка салым кошуу маанисинде акыркы мисал»,- деди.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Кипрде карамагындагы жерлердин тең укуктуу эгемендүү укуктарынын сакталышы жана булактардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүнүн бардык жээктеш мамлекеттердин макулдашуусу менен белгилениши керектигин айткан Хулуси Акар : «Бирок түшүнүшө албай жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар