Сирия тема болгон 13 - кепил өлкөлөр жыйыны башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда Сирия маселеси каралган 13 -  кепил өлкөлөр жыйыны Орусия менен Ирандын ортосунда эки техникалык сүйлөшүүлөр менен башталды.

1246140
Сирия тема болгон 13 -  кепил өлкөлөр жыйыны башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда Сирия маселеси каралган 13 -  кепил өлкөлөр жыйыны Орусия менен Ирандын ортосунда эки техникалык сүйлөшүүлөр менен башталды.

Орусия менен Ирандын өкүлдөрү Ritz Carlton  мейманканасында  өткөрүлгөн техникалык сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түркия убактысы боюнча саат 07:30да жолугушту.

Техникалык сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин Идлиб жана Сириянын түндүк чыгышы жана өлкөдөгү абалдар түзүүдө.

Орус делегациясына президент В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Иран делегациясына да тышкы иштер министринин орун басары Али Асгар Хажы жетекчилик кылууда. Түрк делегациясынын жетекчилигин тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал аткарууда.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда БУУнун Сирия атайын өкүлү Гейр Педерсен ден соолугуна байланыштуу жыйынга катыша албайт. БУУнун делегациясынын атынан жыйынга Педерсиндин орун басары катышат.

Башар Асад режими жана аскердик оппозиция делегациялары катыша турган негизги жыйын эртең башталат. Иордания БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы жана эл аралык Кызыл Крест өкүлдөрү байкоочу катары сүйлөшүүлөрдө орун алат.

25 – 26 -  апрелде өткөрүлгөн 12 -  жыйында байкоочу статусу берилген Ливан менен Ирак Астана форматындагы жыйынга биринчи жолу катышат.

Жыйындарда Идлиб араздашууну азайтуу аймагы жана Сириянын түндүк чыгышындагы абал, кагылышкан тараптардын ортосунда ишенимди арттыруучу чаралар, качкындардын кайра кайтышы, адамзаттык абал жана согуштан кийинки кайрадан куруу маселелери каралат.

Түркия, Орусия жана Ирандын кепилдигинде Астана форматындагы сүйлөшүүлөр 2017 -  жылы январь айынан бери жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар