Шри-Ланка чет өлкөлүк туристтер үчүн виза төлөмдөрүн жокко чыгарды

Туризм министри Жон Амаратунга бейшемби күнүнөн баштап, эс алуу же иштөө максатында келген 50гө жакын өлкөнүн жарандарынан бир айлык виза төлөмү алынбай турганын айтты.

1245755
Шри-Ланка чет өлкөлүк туристтер үчүн виза төлөмдөрүн жокко чыгарды

Шри-Ланка өкмөтү апрель айында уюштурулган террордук кол салуулардын артынан өлкөгө келген чет өлкөлүк стердин санынын азайып кетпөөсү үчүн, виза төлөмдөрүн жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Туризм министри Жон Амаратунга бейшемби күнүнөн баштап, эс алуу же иштөө максатында келген 50гө жакын өлкөнүн жарандарынан бир айлык виза төлөмү алынбай турганын айтты.

Жогорудагы чечимди сыноо үчүн 6 ай мөөнөт берилгенин билдирген Амаратунга, өлкөгө барууну каалагандар акысыз виза ачтырууну онлайн түрдө же болбосо учуп келгенде аэропорттон жасатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Статистикага караганда туристтердин саны өткөн июль айына салыштырмалуу, бул жылы 45%га төмөндөгөн.

Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандарынан 20 доллар, башка чет өлкөлүк жарандардан 35 доллар виза төлөмү алынып турган.

Өткөн жылы өлкөгө 2,3 миллионго жакын турист келген болсо, апрель айындагы террор кол салууларынан кийин бир нече аба каттамдары токтогон.

Өкмөт, жыл башында кабыл алган башка бир чечимде туризмди колдоо үчүн авиакомпаниялардан алынган кээ бир төлөмдөрдү кыскарткан.

Шри-Ланкада 21-апрелде христиандардын ыйык Пасха айында Коччикадагы Антони чиркөөсү, Катанадагы Себастьян чиркөөсү жана Батикаладагы Мариям Эне чиркөөлөрү менен борбор шаар Коломбадагы 5 жылдыздуу Шангри-Ла, Кинамон Гранд жана Кингсберри мейманканаларына жардыруулар болгон.

Бул кол салуулардан  кийин борбор шаар Коломбада, Дехиваладагы мейманканага жакын жерде,  Дематогодагы көпүрөнүн айланасында жардыруулар болгон. Жооптуу кызматкерлер кол салууларда 250дөн ашык кишинин каза болгонун, 500дөн ашык адамдын жараланганын маалымдаган.

Жардырууларды ДЕАШ (DEAŞ) террордук уюму уюштурган.



Тектеш кабарлар